Бишкектик дарыгерлер коронавирус боюнча дүйнөлүк флешмобго кошулушту. Сүрөт

Акциянын алкагында шаардык дарыгерлер элди коронавирусту жугузуп албоо үчүн үйдө отурууга чакырышууда.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектин Тез жардам кызматынын дарыгерлери дүйнөлүк медицина кызматкерлеринин флешмобуна кошулушканын Саламаттык сактоо министрилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында шаардык дарыгерлер элди коронавирусту жугузуп албоо үчүн үйдө отурууга чакырышууда.

Алар ак баракка "Биз силер үчүн жумушта калып жатабыз. Силер биз үчүн үйдө калыңыздар" деп жазышкан.

Челленджди биринчилерден болуп малайзиялык дарыгер Жи Тик Шенг баштаган. Ал бир нече күн мурда Facebook баракчасына сүрөтүн жүктөп, элди үйдө калууга чакырган.

Анын акциясын дүйнөдөгү башка медиктер улантып кеткен. Учурда аны Австралиядан тарта Бразилияга чейин 50 миңдей медик колдоого алды.

Кыргызстандагы коронавирус

Министр: "үйдү дезинфекциялайбыз" деп келгендерге ишенбегиле!
Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Алгачкы үч киши Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Бул адамдар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.

Вирус жуктурган үч адам менен кошо бир каттамда Кыргызстанга 144 адам келген. Анын экөө Өзбекстанга кетип, калган 142си изоляцияга алынган, 300дөн ашык адам карантинде. Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындан сырткары, Кыргызстан четөлкөлүктөрдүн өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизди.

19-мартта Жалал-Абад облусунда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды.

Ушу тапта Сузак жана Ноокат райондоруна өзгөчө кырдаал жарыяланды.