Марттын башынан бери "Тулпар" картасын колдонгондордун саны айтылды

Борбор калаада 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштей баштады. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкекте үч жума ичинде жүргүнчүлөргө арналган "Тулпар" картасын 107 миңден ашык киши сатып алган. Бул туурасында шаардык муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштей баштады. Жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөп жатат.

Бишкек мэриясы коомдук транспортту эмне менен тазалап жатканын айтты
Карта үч түргө бөлүнөт. Тагыраагы, кызыл карта пенсионерлерге, почтальондорго жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет. Ал эми окуучулар жашыл түстөгү картаны алат. Жалпы жарандар үчүн көк түстөгү карта каралган.

Мэриянын айтымында, 19 күн ичинде 80 миң көк карта сатылган. Ошондой эле 27 миң пенсионер кызыл картага ээ болгон. Ал эми жеңилдик каралган категориядагы картаны ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 619 адам алган.

Ал эми окуучулардын жашыл картасы мектептерге жеткирилип жатканы, ал карантин бүткөндөн кийин берилери айтылды. Учурда 16 мектеп аталган системаны колдонот.