Кыргызстанда дагы үч адамдан коронавирус аныкталды

Министрдин айтымында, бүгүн коронавирус аныкталган адамдар дагы Сауд Аравиясына кичи ажылыкка барып келгендер.
Sputnik

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстандын аймагынан коронавирус жуктурган дагы үч адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавирус табылгандар Ноокат районунун тургундары. Кырдаалга байланыштуу кичи ажылыкка барып келгендер көп дүрбөлөң түшпөңүздөр. Умрага барып келгендер үйүңүздөрдөн чыкпай, көп адамдар менен жолукпай туруңуздар. Кандайдыр бир шек жаралса дароо кабарлаңыздар. Учурда биздин дарыгерлер үймө-үй кыдырып текшерип жатат", — деди Чолпонбаев.

Министрдин айтымында, алар аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө.  

Коронавирус табылган жарандар 12-мартта түз каттам менен Ошко учуп келишкен. Алардан вирус 19-март күнү аныкталды. Учурда коронавирус табылган жарандар менен кошо келгендерди тактоо иштери жүрүп жатат. Так маалымат алуу үчүн аэропортко жана Чек ара кызматына сурам жөнөтүлгөн.