БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. 20-мартта күндүз жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19…+24, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +10…+15 градус жылуу болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +19...+21, Ошто +22...+24 градуска чейин жогорулайт.