Улуттук банк рынокко канча доллар сатканы айтылды

Март айында Улуттук банк үч ирет доллар саткан, анын жалпы суммасы 110 миллион долларга жеткен. Бүгүн, 19-мартта, курс 12 сомго өстү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бүгүн, 19-мартта, Улуттук банк 3,7 миллион доллар сатты. Бул тууралуу башкы банктын сайтына жарыяланды.

Чет элдик валюта кандай баада сатылганын банк тактаган жок.

Доллардын артынан евронун баасы дагы 102 сомго чыкты
Бүгүн, 19-мартта, эртең менен бир долларды сатып алуу 72,9 сом, ал эми сатуу 73 сом болуп жаткан. Кечке жуук курс кескин жогорулап, 85 сомго чыкты.

Учурда долларды сатып алуу 84,6-84,7 сом, сатуу 85 сомго чейин болуп жатат.

Белгилей кетсек, 10-март күнү доллар үч сомго жогорулап 73 сомду түзгөндө Улуттук банк валютаны 72,9 сомдон саткан. 10-марттан 17-мартка чейинки аралыкта Улуттук банк чет элдик акчаны үч ирет сатып, жалпы суммасы 110 миллион долларды түзгөн.

Негизи Улуттук банк кырдаалды турукташтыруу үчүн интервенция жасап турат. Бул үчүн алтын валюталык резервди колдонот. Башкы банктын резерви 2,4 миллиард сомду түзөт.