Доллардын баасы 85 сомго чыкты

Бүгүн, 19-мартта, сатып алуу курсу 72, 9 сом болсо, сатуу 73 сом болчу. Бирок долларды сатып алууда кыйынчылыктар жаралып жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу кескин жогорулап, 85 сомго чыкты. Бул туурасында valuta.kg сайты жарыялады.

Бүгүн, 19-мартта, эртең менен бир долларды сатып алуу 72,9 сом, ал эми сатуу 73 сом болуп жаткан.

Учурда Valuta.kg порталы жана өлкөнүн үч банкында долларды сатып алуу 73 сом (10 тыйынга жогорулады) жана сатуу 85 сомго чыкты. Заматта секирик жасап 12 сомго кымбаттады.