КРде бир суткада коронавирус менен катталгандар болгон жок

Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада коронавируска чалдыккандар болгон жок. Вируска кабылгандардын саны кечээгидей эле үч бойдон. Бул туурасында брифингде саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан 142 кишинин анализи алынып, үчөөндө гана коронавирус аныкталган. Кеп кечээ күнү вирус жуктургандар тууралуу болуп жатат. Ошондой эле дагы үч кишинин дене табы көтөрүлүп, ооруканада. Алардын тестинин жыйынтыгы чыга элек.

"Коронавируска кабылган жана шектелген кишилердин абалы туруктуу. Керектүү медициналык жардамдарды алып жатышат. Жергиликтүү дарыгерлерге бишкектик медиктер кеп-кеңеш берүүдө", — деди министр.

Коронавирус боюнча Кыргызстандагы азыркы абал боюнча брифинг. Видео
Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген. Учурда облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө жатышат.

Коронавирустан улам Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген.

Өлкөдө вирус катталганына байланыштуу окуу жай, мектеп жана бала бакчалар карантинге жабылды. Ошондой эле массалык иш-чаралар токтотулуп, бир катар жайлар убактылуу жабылууда.