Кытай медиктери коронавирусту кайсы дары жакшы дарылай турганын айтышты

Кытайдын биотехнологияны өнүктүрүү боюнча улуттук борбору бул дарыны 320 оорулууга колдонуп көргөнүн айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кытай дарыгерлери коронавируска каршы гриппти дарылоочу "Авиган" каражатын колдонууну чечти. Бул тууралуу NHK телеканалына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Кытайдын биотехнологияны өнүктүрүү боюнча улуттук борбору бул дарыны 320 бейтапка колдонуп көргөн.

"Авиган" ичкендердин дене табы эки күндүн тегерегинде калыбына келген. Ал эми ансыз дарылангандардын дене табы төрт күнгө чейин түшпөй койгон. Жөтөлгө дагы бул дарынын жардамы тийген. Мисалы, аны ичкендер 4-5 күн гана жөтөлсө, ичпегендер алты күндөн ашык жөтөлдүн азабын тартышкан", — деп жазылат макалада.

Министр коронавирус аныкталган үч кишинин азыркы абалын айтты
Бул каражаттын вирус менен жакшы күрөшөрүн медиктер анализдер аркылуу байкашкан. Мисалы, "Авиган" менен дарылангандардын анализи төрт күндө вирусту көрсөтпөй калса, башка дары ичкендердин организминде инфекция 11 күнгө чейин жашаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнө жүзүндө бир сутканын ичинде 20 миңден ашык киши коронавирус жуктуруп, азыр жалпы саны 219 миңге чукулдады. Алардын арасынан 8810 киши каза таап, 84 113 киши сакайып кетти.