Коронавируска дагы үч адам шектелүүдө

Министрдин айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасына алты киши жаткырылган. Алардын ичинен үчөө жуктуруп алгандар болсо, калган үчөөндө клиникалык белгилер байкалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда COVID-19 вирусунун клиникалык белгилери бар дагы үч адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифингде билдирди.

Ош: карантиндегилер арыздангандан кийин шарты жакшы жайга которулду. Сүрөт
Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталган. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Мындан улам Сузак районуна өзгөчө кырдаал киргизилген

Министрдин айтымында, Жалал-Абад облустук ооруканасына алты киши жаткырылган. Алардын ичинен үчөө жуктуруп алгандар болсо, калган үчөөндө клиникалык белгилер байкалууда. Бирок экөөнүн анализи азырынча таза чыкты. Бир аялдыкы азырынча белгисиз.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграмм-каналынан окуй аласыздар.