БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус аныкталган үч адамдын абалы учурда канааттандырарлык. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда айтты.
Министрдин билдиргенине караганда, бир суткада вирус эч кимден аныкталган эмес, саны кечээгидей эле үч бойдон. Үч киши Жалал-Абад облустук оорукананын жугуштуу илдеттер бөлүмүндө дарыланышууда.
"Коронавирус аныкталган Сузак районунун үч тургуну азыр ооруканада. Абалдары канааттандырарлык. Дене табы 37,5 градусту көрсөтүүдө. Жергиликтүү дарыгерлерге Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгерлери консультация беришүүдө. Бейтаптар жөтөлгөн жок, абалдары аябай начар эмес", — деди Чолпонбаев.
Республикалык штабдын берген маалыматы боюнча, Шардж каттамы менен Кыргызстанга 135 эмес, 144 адам келген. Анын ичинен 142 адам Кыргызстандын аймагына кирген. Алардын баары табылып, анализ алынган. Учурда 142 адамдын баары изоляцияда.
"142 кишиден анализ алынып, үчөөнөн гана коронавирус аныкталган. Бул каттамдын эки кишиси Өзбекстанга кеткен, азыркы тапта алардын кайда экени такталып жатат", — деп жазылат маалыматта.
Сузак районуна болсо өзгөчө кырдаал киргизилген.
Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.