Коронавирустан улам эл каттоонун кайсы учурга жылганы белгилүү болду

Статистикалык комитеттин кызматкерлери каттоо иштерин ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзүүнү пландап жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга жылдырылды. Бул туурасында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун коронавирус боюнча өткөргөн жыйынында айтылганын президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен абалды сүйлөшкөн.

"Депутаттар менен жолугушууда калкты жана турак жай фондун каттоо бир айга кеч, тагыраак айтканда, 2020-жылдын 23-апрелинен 1-майына чейин өтөрү айтылды", — деп кабарлады маалымат кызматы.

Эске салсак, Статистикалык комитеттин кызматкерлери каттоо иштерин ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзмөк. Бирок Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоонун мөөнөтү жылдырылары айтылып, датасы такталган эмес.

Футбол боюнча Европа чемпионаты бир жылга жылдырылды
Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Аны Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган. Каттоо иштери 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлмөк.

Эске салсак, Кыргызстанда кечээ, 18-мартта, коронавирус биринчи жолу үч адамга жукканы аныкталды. Жарандардын бардыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Алар Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келген.

Сузак районуна болсо өзгөчө кырдаал киргизилген.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан биле аласыздар.