Бишкек мэриясы шаардыктардан көрүстөндөргө барбай турууну өтүнөт

Өлкөдө коронавирус боюнча түзүлгөн абалды эске салуу менен мэрия шаар тургундарын колдон келишинче үйдөн чыкпай, жеке гигиенаны сактоого чакырды.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык аза күтүү агенттиги шаар тургундарын көрүстөндөргө убактылуу барбай турууну сунуштайт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл сайын айрым бишкектиктер "корей пасхасын" (диний майрам) белгилешет. Бул учурда көпчүлүк көзү өткөн туугандарын эскерүү үчүн көрүстөндөргө барышат. Бул жылы майрам 5-апрелге туш келген.

Өлкөдө коронавирус боюнча түзүлгөн абалды эске салуу менен мэрия шаар тургундарын колдон келишинче үйдөн чыкпай, жеке гигиенаны сактоого чакырат.