Бишкек мэриясы коомдук транспортту эмне менен тазалап жатканын айтты

Тазалоо иштерин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосунда транспорттук ишканалардын кызматкери аткарып жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Жугуштуу ооруларды, анын ичинен COVID-19 вирусун алдын алуу максатында Бишкекте коомдук транспортту бир пайыздык хлорамин заты менен күчөтүлгөн тартипте тазалап жатышат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек мэриясы шаардыктардан көрүстөндөргө барбай турууну өтүнөт
Тазалоо иштерин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун колдоосунда транспорттук ишканалардын кызматкери аткарып жатат.

Күн сайын акыркы аялдамасында атайын тазалоодон 250 маршрутка өтүүдө. Автобустар менен троллейбустардын отургучтары, эшигинин туткалары жана ичиндеги кармоочтору дезинфекцияланууда.

Айдоочулар ишке чыгар алдында медициналык кароодон өтөт. Дене табы көтөрүлгөн жана сасык тумоонун белгилери барлар каттамга чыгарылбайт.

Мэрия коомдук транспортто жүргөндө бет кап тагынууну, кармоочтору жана акчаны кармаган соң колду тазалоону сунуштайт.

Коомдук транспорттун иши боюнча суроолор менен төмөнкү номерге кайрылса болот:

  • Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы — (0703) 07-57-27;
  • Бишкектин жүргүнчү автотранспорту мекемеси (автобустар боюнча) — (0553) 02-27-53, (0772) 17-37-43 (WhatsApp);
  • Бишкек троллейбус башкармалыгы — (0559) 73-38-66.