БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Маалыматка ылайык, райондук администрация башчысы Эрмекбай Омошевдин буйругунун негизинде төмөнкү иш-чараларга убактылуу чектөөлөр киргизилди:
- коомдук тартипти сактоону, өзгөчө маанилүү мамлекеттик жана стратегиялык объектилерди, ошондой эле калктын жашоо-турмушун камсыздаган объектилерди коргоону жана унаалардын ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү;
- эл көп чогула турган объектилердин ишмердүүлүгүн токтотуу;
- Сузак районуна кирүүгө, ошондой эле анын аймагынан райондук штабдын мүчөлөрүнөн тышкары транспорттун бардык түрлөрүнүн чыгуусуна чектөө киргизүү.
Эске салсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Алар 12-мартта Сауд Аравиядан кичи ажылыктан келишкен.