Кыргызстанда эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат

Статистикалык комитеттин кызматкерлери каттоо иштерин ушул жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин жүргүзмөк.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоонун мөөнөтү жылдырылат. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Азырынча кайсы күнгө жылдырылганы тууралуу айтыла элек. Эртең Статком маалымат жыйын өткөрүп, толугураак маалымат берилет.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өткөрүү пландалган. Каттоо иштери 23-марттан 1-апрелге чейин жүргүзүлмөк.