Кыргызстанда коронавирус жуктурган үч киши катталды

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 197 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 7154ү каза таап, 79 миңден ашуун киши сакайды.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган үч адам аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, жуктуруп алгандар Жалал-Абадда. Алар Сауд Аравиясынан келишкен.

Түркияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды
Буга чейин бийлик өлкөдө вируска кабылган адамдар жок экенин айтып келген. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинде Казакстан (35) менен Өзбекстанда (11) бар болчу.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДССУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус COVID-19 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал жарыяланган. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 7154ү каза таап, 79 миңден ашуун киши сакайды.