Коронавирус пандемиясынын канчага созуларына немец окумуштуусу жооп берди

Пандемиянын мөөнөтү ага каршы вакцинанын кайсыл убакта иштелип чыгышына жараша болот. Андан сырткары, вирус канчалык көп жуктуруп алып жана ага туруштук берген иммунитеттин пайда болушу да мааниге ээ.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Германиядагы Роберт Кох институтунун президенти Лотар Вилер коронавирус менен күрөш дагы эки жылга жакын созуларын айтканын Deutsche Welle маалымдады.

Анын сөзүнө караганда, COVID-19 коронавирусунун пандемиясы дагы эки жылга чукул созулуп, вирус толкун сымал тарайт.

"Пандемия толкун сымал жайылат. Мындай болорун биз так билебиз, бирок ал канчалык тез тарайт? Пандемия планетанын калкынын болжолдонуп жаткан 60-70 пайызына качан жугат. Бул жылдап созулушу мүмкүн. Биз 2 жыл деп жоромолдоп жатабыз", — деген Вилер маалымат жыйында.

Коронавирусту билинбей балдар жайылтышы мүмкүн. Жаңы изилдөө
Окумуштуу пандемиянын мөөнөтү ага каршы вакцинанын кайсыл убакта иштелип чыгышына жараша болорун айткан. Андан сырткары, COVID-19ду адамдар канчалык көп жуктуруп алып жана ага туруштук берген иммунитеттин пайда болушу да мааниге ээ экендигин билдирген.

Роберт Кох институту — Германиянын илимий-изилдөөлөрдү жүргүзгөн борбордук мекемелеринин бири. Ал эпидемиология боюнча изилдөө жүргүзүп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин курамына кирет.

Ал эми дүйнө боюнча маалыматтарга көз чаптырсак, 17-мартта эртең менен коронавирус жуктургандардын саны 182 405 деп айтылды. 7 154 адам көз жумса, айыккан бейтаптардын саны 79 433 болгон.