Гүлнара Каримовага Ташкент соту акыркы өкүмүн чыгарды

Ташкентте Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова жана анын тарапташтарына карата соттун өкүмү чыкты. Тергөө башталгандыгына бир топ жыл болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Ташкенттин шаардык соту Гүлнара Каримованы 13 жыл төрт айга эркинен ажыратканын Sputnik Өзбекстан агенттиги кабарлады.

Маалыматты Өзбекстандын Жогорку соту 18-мартта тараткан.

Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми. Сүрөт
Фемида өкүлдөрү мындай өкүмдү ага "бюджеттик акчаны уурдаган, акча талап кылган жана аларды чет өлкөдө кылмыштуу жол менен мыйзамдаштырганы" үчүн чыгарган.

Эске салсак, Каримова 2015-жылы "Опузалоо" жана "Салык төлөөдөн баш тартуу" беренелери менен камалып, 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк ага карата дагы башка кылмыш иштери козголуп, прокуратура тергеп жаткан. Соңку ирет тагылган айыпта Каримованын мамлекетке 165 миллион доллар чыгым келтиргени айтылган.