Бишкекте масканын баасын кымбаттаткан дарыканалар аныкталды. Видео

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы бет каптарды кымбат сатып жаткан Бишкек шаарындагы дарыканаларды аныктады.
Sputnik

Аталган кызматтан билдиришкендей, элден түшкөн арыздардын негизинде калаадагы бир катар дарыканалар текшерүүгө алынган. Шаардыктар айрым дарыканалар маска менен антисептикалык каражаттардын баасын негизсиз көтөрүп жатканын кабарлашкан.

Алматы аэропортунда 19 кыргызстандык кармалып турат
Натыйжада Финполдун өкүлдөрү Чыгыш 5 кичи району, Киев, Токтогул, Курманжан датка, Тыналиев көчөлөрү жана Чүй проспектисиндеги дарыканалардан атайын сатып алууларды жүргүзүп, баалары 15 сомдон 25 сомго чейин экенин аныктаган.

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренеси ("Монополиялык аракеттер жана атаандаштыкты чектөө") боюнча каттоого алынды.

Эгер сиз дагы социалдык маанидеги товарлар жогорку баада сатылып жатканына күбө болсоңуз, (0312) 323 091, 323 707, 54 39 80, 54 17 12 номерлерине кабарлап койсоңуз болот.