Бейшембиге карата аба ырайы

19-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй облустарынын кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ошондой эле өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдор тайгак болот.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. 19-мартта күндүз Чүй облусунун кээ бир аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Алдыда күтүлгөн аптап 1,2 млрд. адамга коркунуч жаратат. Божомол
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас өрөөнүндө +14...+19, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл жергесинде +7...+12, Нарын аймагында +6…+11 градус жылуу болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +17...+19, Ошто +21...+23 градуска чейин жогорулайт.