Алгачкы космонавт Юрий Гагариндин жубайы көз жумду

Биринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева. Архив
Валентина Горячева 1935-жылы 15-мартта Оренбург шаарында туулган. 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik.  Дүйнөдөгү биринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева 85 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Космонавттарды даярдоо борборунун маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

БУУнун мурдагы башкы катчысы жана Перунун премьер-министри Перес де Куэльяр. Архив
Перуда 100 жаштагы БУУнун мурдагы башкы катчысы көз жумду
Ал мындан бир ай мурда инсульт алып, тамырына уюган канды алуу боюнча операция жасалганы айтылат.

Валентина Горячева 1935-жылы 15-мартта Оренбург шаарында туулган. Ал медициналык училищени аяктаган. 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан.

Жубайлар Елена жана Галина аттуу эки кызды жарыкка алып келген.

Горячева 1968-жылы жолдошу каза болгондон кийин Звезда шаарында Учкучтарды башкаруу борборунун лабораториясында лаборант-биохимик болуп иштеп калган.