Ундун баасы бекиди. Кымбат саткандарга чара көрүлөт

14 товардын орток баасы бекитилип, ошол баа көзөмөлдөнөт. Сатуучулар эрежени сактабаса, жоопкерчиликке тартылат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги өлкө боюнча ундун баасын бекитти.

Буга чейин өкмөт эл көп колдонгон 14 товардын баасына убактылуу чектөө киргизген.

Ага ылайык, аталган агенттик 14 товардын орток баасын бекитип, ошол бааны көзөмөлдөп турат. Сатуучулар бекитилген баадан кымбат сатса, жоопкерчиликке тартылат. 

Ундун баасы бекиди. Кымбат саткандарга чара көрүлөт

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги биринчи кезекте ундун баасын бекиткен. Ага ылайык, Бишкек шаарында 1-сорттогу ундун бир килограммы дүңүнөн 28 сомдон, ал эми чекене түрүндө 29 сомдон ашпаш керек. Экинчи сорттогу ундун бир килограммы дүңүнөн 20 сомдон, ал эми чекене түрүндө 22 сомдон ашпаш керек. 50 килограммдык бир кап унду эсептей турган болсок, 1-сорттогу ун чекене баа менен 1450 сомдон кымбат сатылбашы керек. Бул Бишкек шаарындагы бекитилген нарк. Калган облус, аймактардыкын таблицадан карап, эсептеп алсаңыздар болот.