БИШКЕК, 17- мар. - Sputnik. Россияда коронавирусту жуктуруп алган беш киши толугу менен айыгып кеткенин РИА Новости стопкоронавирус.рф сайтына шилтеме кылып берди.
"Ооруп калган беш кишинин сакайып кеткени кабарланды", — деп жазылган маалыматта.
Россия аймагында 16-мартка карата вирусту жуктуруп алган 93 учур катталган. Жалпысынан 110 изилдөө жүргүзүлгөн.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта планетаны "селт" эттирген COVID-19 вирусунун пандемияга өткөнүн жарыялаган.
17-март, эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 182 405ке жетип, 7 154 адам көз жумду. Ал эми айыккан бейтаптардын саны 79 433.
Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстанда бул вирусту жуктуруп алгандар бар экени маалымдалды. Кыргызстандын вице-премьери Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү брифингде өлкөдө коронавирус жуктурган адам катталбагандыгын айтты.