Коронавирус: өкмөт убактылуу ишин токтоткон ишкерлерге насыя каникулун берет

16-март күнү Кыргызстанда коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус коркунучунан улам убактылуу жабылган ишканалардын ээлерине салык жана кредиттик каникул каралат. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, 16-март күнү Кыргызстанда коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылган болчу.

"Үч аптанын ичинде ишкерлер иштебегендиктен, албетте, чоң чыгымга учурайт. Өкмөт ар бирин индивидуалдуу карап, банктар менен сүйлөшүү жолу аркылуу кредиттик каникул жарыялайт. Ошондой эле башка жеңилдиктер дагы мыйзам чегинде каралат", — деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган коңшу Казакстан дагы ишкерлерди салыктын айрым түрлөрүнөн бошотууну пландоодо.