Коронавирустан улам шайлоо менен эл каттоо токтойбу? Штабдын жообу

Коронавирус кооптуулугунан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча Республикалык штаб Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылып, бир нече сунуш берген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы карантиндик кырдаалга карабай эл каттоо улантыла берерин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Вице-премьерге Sputnik Кыргызстандын кабарчысы: “Эл каттоо учурунда кызматкерлер ар бир үйдү кыдырып көп адам менен байланышта болот. Мындан вирусту жуктуруп алуу кооптуулугу жогору болушу мүмкүн. Эл каттоону токтотуп турууга болобу?” - деген суроо берди.

“Эл каттоо иштери токтотулбайт. Эл кыдырган кызматкерлер санитардык нормаларды сактап, бет каптарды кийип жүрүшөт”, — деди Өмүрбекова.

Жээнбеков шайлоого карата шаарларда катталгандардын көбөйгөнүнө тынчсызданууда
Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоону кийинкиге жылдыруу боюнча берилген суроого аталган маселе каралып жатканын айтты. Республикалык штаб Борбордук шайлоо комиссиясына жол-жобосун карап чыгууга сунуш бергендигин билдирди. 

“Ал эми шайлоо күнү добуш берүүгө келгендерди кезек-кезеги менен дистанцияны сактап өткөрүү эрежесин иштеп чыгабыз. Саясий партияларга дагы элди көп чогултуп жолугушууларды өткөрбөй турууну сунуштоодобуз ”, — деди Өмүрбекова.

Белгилей кетсек, шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт. Ал эми 13-марттан тарта бир айлык үгүт иштери башталган.