Коронавирусту билинбей балдар жайылтышы мүмкүн. Жаңы изилдөө

Коронавирустун инкубациялык учуру балдарда 14 күндөн көбүрөөк болушу ыктымал. Андыктан бардык мектептерди карантинге жаап, үйдө кароо сунушталууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Балдар COVID-19 вирусун билинбей алып жүрүшү мүмкүн. Анткени алар жеңил кабыл алып, белгилери анча билинбейт деп жазды медициналык Medicalxpress порталы.

Маалыматка караганда, Кытай окумуштуулары Гуанчжоу шаарында вирус жуктургандар менен бир үйдө жашаган 745 баланы текшерип көргөн. Жыйынтыгында алардын ичинен 10 балага гана жукканы билинген.

"Бир дагы бала кыйналган эмес. Жетөөнүн дене табы көтөрүлгөн, бирок 39 градустан ашпаптыр. Өпкөсүн рентгенге тартканда, пневмониянын белгилери табылган жок", — деп айтылат макалада.

Андыктан окумуштуулар билинбей жүрө бергендиктен, балдар вирусту таратуучулар болуп жатат деген пикирин айтты.

Коронавирустун инкубациялык учуру балдарда 14 күндөн көбүрөөк болушу ыктымал. Андыктан бардык мектептерди карантинге жаап, үйдө кароо сунушталууда.