Казакстанда соода борборлорун, кинотеатрларды мүлк салыгынан бошотуу пландалууда

Эске салсак, Казакстанда 16-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирген. Бирок ага чейин эле бир катар оюн-зоок жайлары ишин токтоткон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавирустун айынан жабылып турган ири соода борборлору, кинотеатрлар, театрлар, спорттук объектилер сыяктуу ишканаларды мүлк салыгынан бир жылга бошотуу каралып жатат. Бул тууралуу экономика министри Руслан Даленовго таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Ишкерликтин айрым түрү менен алек болгондорду бир жылга мүлк салыгынан бошотуу каралып жатат. Салыктын башка түрлөрү боюнча туумдарды бир кварталга, отчеттуулукту үч кварталга токтотуу маселеси дагы бар", — деди министр.

Вице-премьер: Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок
Эске салсак, Казакстанда 16-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирген. Бирок ага чейин эле бир катар соода-оюн-зоок жайлары ишин токтоткон.

16-март күнү Кыргызстанда дагы коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылды.

Мүлк салыгы – уюмдардын жана жеке жактардын мүлкүнө салынуучу салык. Айрым учурда андан жаңы ачылган ишканалар бошотулат.