Алдыда күтүлгөн аптап 1,2 млрд. адамга коркунуч жаратат. Божомол

Адистердин билдиришинче, ысыктан жана нымдуулуктан чыккан жылуулуктун чыңалуусу, ошондой эле парник газдарынын калдыгы жыл сайын жаңы аймактарга зыян келтирүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Алдыда болчу аптаптуу аба ырайы дүйнөдөгү 1,2 миллиард жашоочуга коркунуч туудурушу мүмкүн экендигин Phys.org басылмасы жазды.

2008-жылкы кризисти алдын ала айткан эксперттин жүрөк үшүткөн божомолу
Ратгерс университетинин (АКШ) окумуштууларынын билдиришинче, ысыктан жана нымдуулуктан чыккан жылуулуктун чыңалуусу, ошондой эле парник газдарынын калдыгы жыл сайын жаңы аймактарга зыян келтирүүдө.

Глобалдык температура 1,5 градуска көтөрүлгөндө ысык 500 миллион адам жашаган аймакка чейин жетет. Көрсөткүч 2 градуска жеткенде 800 миллион адам жабыркайт. Эгерде 3 градуска чейин өссө, тагыраагы, 2100-жылы 1,2 миллиард адамдын өмүрүнө коркунуч туулушу мүмкүн.

Учурда планета XIX кылымдын аяк чениндеги көрсөткүчкө караганда 1,2 градуска жогорулаганы айтылат.