Казакстанда эки жашар наристеден коронавирус аныкталды

Коңшу мамлекеттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, илдетти жуктурган бөбөк Берлин — Минск — Алматы рейси менен келген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Казакстанда эки жашар бөбөктөн коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан кабарлады.

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал кандай? Вице-премьердин маалыматы
Коңшу мамлекеттин Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, вирусту жуктурган бөбөк Берлин — Минск — Алматы рейси менен келген. Ал Алматы шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган.

Эки жашар бөбөктөн тышкары, коңшу мамлекетте коронавирус аныкталган дагы эки учур катталды. Илдетке кабылгандардын бири 10-мартта Москвадан келген 50 жаштагы киши болсо, экинчиси ошол эле шаардан келген 60 жаштагы эркек адам болуп чыкты.

Акыркы үч учурду кошкондо Казакстанда 13 адамдын коронавируска чалдыкканы маалым болду.