Футбол боюнча Европа чемпионаты бир жылга жылдырылды

Коронавирус коркунучунан улам буга чейин Англия, Италия, Испания, Франция, Германия, Португалия, Нидерланддар чемпионаттары жана Чемпиондор лигасы токтотулган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Футбол боюнча Европа чемпионаты коронавирустун айынан 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылды.

Мындай билдирүүнү Европа футбол ассоциацияларынын биримдиги таратты.

Кыргызстанга четөлкөлүк жарандардын киришине тыюу салуу сунушталды
Мелдешке Европанын 12 шаары катышып, ушул жылдын июнь-июль айларында өтмөк.

Буга чейин УЕФА шейшемби күнү коронавирус шартында Европада өтчү бардык мелдештерди, анын ичинде Европа чемпионатын кантип ишке ашыруу керектигин талкуулаган видеоконференция болорун билдирген.

Коронавирус коркунучунан улам буга чейин Англия, Италия, Испания, Франция, Германия, Португалия, Нидерланддар чемпионаттары жана Чемпиондор лигасы токтотулган эле.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүнө коронавирус пандемиясын жарыялаган.