Бишкекте баккан атасын мыкаачылык менен өлтүргөн киши кармалды

51 жаштагы кишинин сөөгү 16-мартта эртең менен айылдагы таштуу жолдон табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын баш сөөгү менен кабыргалары сынып, муунтулган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач айылында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кишинин сөөгү табылып, кылмышка шектелип анын өгөй баласы кармалгандыгын Чүй облустук ИИББ билдирди.

Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды
Азиат тектүү эркек кишинин сөөгү 16-мартта эртең менен айылдагы таштуу жолдон табылган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча анын баш сөөгү менен кабыргалары сынып, муунтулган.

Көз жумган киши Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун 51 жаштагы тургуну экендиги белгилүү болгон.

Киши өлтүрүүгө шектелип 26 жаштагы киши кармалган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал маркумдун өгөй баласы. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы айтылды.