Көчкүдөн абайлагыла! Жолго чыккандарга эскертүү

Жолго чыккан айдоочуларга автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу керектиги эскертилди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүндөн тарта 18-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Андан сырткары, жолдордо күрткү катып, трассалар тайгак болуп, муз тоңору айтылды. Мындай кырдаалдан улам айдоочуларга жолдо кетип бара жатканда бири-биринен 500 метр аралыкта болушу керектиги эскертилди.

Күндүн көзү бузулабы? Бир жумага карата аба ырайы
Кооптуу жайлар Бишкек — Ош автоунаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-107-чакырымдары. Мындан сырткары, Ала-Бука — Каныш-Кыя автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдары кооптуу экени айтылды. Нарын аркылуу кеткен Казарман — Ак-Тал-Чат автоунаа жолундагы Кара-Коо ашуусунда дагы сак болуу зарыл.