БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова республикалык штабдын жыйынында коронавирусту алдын алууда алдыдагы үч апта өтө маанилүү экенин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Өмүрбекованын айтымында, ар бир жаран азыркы кырдаал оңой эмес экенин түшүнүүсү керек.
"Алдыдагы үч апта өтө маанилүү! Дарыгерлер айткан профилактикалык иштин баарын жасап, гигиенага көңүл бөлөлү. Балдарга баарын түшүндүрүү керек. Кафе, көңүл ачуучу жайларга барбай коё турууга чакырам. Ошондой эле эл көп чогулган жерден оолак болуп, иш-чара, тойлорду уюштурбай, ал жакка барбай коё турсак. Колдон келсе үйдөн чыкпай, сасык тумоо, анын ичинде коронавирусту алдын алуу боюнча дарыгерлердин айтканын жасайлы", — деди Өмүрбекова.
Коронавирусту алдын алуу боюнча өкмөттүн алдындагы республикалык штаб жыйын өткөрүп, коомдук жайларды анын ичинде ашкана, кафе, мечит, коомдук транспортторду дезинфекциялоо иштерин уланта берүү тапшырмасын берди. Штабдын чечими менен кинотеатр, түнкү клубдар убактылуу жабылды.