Оштун мэри аэропорт менен обсервация жайларын кыдырды

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов калаадагы аэропорт менен обсервация жайларындагы (карантинге алынгандарды көзөмөлдөөчү жай — ред.) коронавирусту алдын алуу иштерине болгон даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары ички каттамдарды дагы тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

"Ар бир жүргүнчүнү көзөмөлгө алуу керек. Эл көп чогулган жерлерде, ишканаларда дезинфекциялоо иштери улантылсын", — деди Сарыбашов.

Азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлсө каякка кайрылуу керек. Номерлер
Мэр шаар аймагындагы 237 койкалуу обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан болсо коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди.

Ишкерлер арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда.