Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 4 кишиге жетти

Өзбекстанда 16-марттан тарта бардык ЖОЖдор, мектептер жана бала бакчалар жабылды. Каникул узартылган учурда улуттук телеканалдан окуучулар үчүн телесабактар көрсөтүлмөкчү.
Sputnik

ТАШКЕНТ, 16-мар. — Sputnik. Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны төрткө жетти. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Белгилей кетсек, алгачкы учур 15-мартта аныкталып, Франциядан учуп келген аялдан COVID-19 табылган. Бүгүн анын уулу менен кызынан, ошондой эле Стамбулдан учуп келген дагы бир адамдан коронавирус аныкталды.

Көрүлгөн чаралар

Казакстанда 12 жашар кыздан коронавирус аныкталды
Өзбекстанда 16-марттан тарта бардык ЖОЖдор, мектептер жана бала бакчалар жабылды. Бул COVID-19 коронавирусунун республиканын аймагына тарап кетүүсүн алдын алуу үчүн жасалып жаткан иш-чаралардын бири.

Каникул узартылган учурда улуттук телеканалдан окуучулар үчүн телесабактар көрсөтүлмөкчү.

Учурда Өзбекстан бийлиги вирустун тарап кетпеши үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканы айтылды.

Вирустан улам өпкө оорусуна чалдыккан учур дүйнө боюнча 152 миң деп катталды. Алардын ичинен 5 801и каза тапса, 75 миңи айыгып кеткен.