Коронавирус вакцинасы сыналчу чычкандар 3 миң доллардан сатылууда

Россиялык академик Сергей Недоспасов уникалдуу, өзгөчө көбөйтүп алууга мүмкүн болгон келемиштер үчүн бул баа анча деле кымбат эмес экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Лабораториялар үчүн жаныбарларды өстүрүп сатуу менен алектенген компаниялар иммунитети модификацияланган, адамдын гени салынган чычкандарды коронавируска каршы вакцина издеп жаткан окумуштууларга бир миңден үч миң долларга чейин сата баштады. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

Коронавирус күн ысыганда жоголот деген божомол жокко чыгарылды
Мисалы, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин илимпоздоруна Калифорния штатында (АКШ) жайгашкан Cyagen биотехнологиялык компаниясы үч башка түрдүү чычкандарды сунуштаган. Биринчиси — гендик рецепторлору алып салынгандар (3599 доллар), экинчиси — иммунитети адамдыкы сыяктуулар (8400 доллар), үчүнчү топто — адамдын гени салынгандар (9600 доллар). Бул баалар үч чычкан үчүн көрсөтүлгөн.

Университеттин академиги Сергей Недоспасов уникалдуу, өзгөчө көбөйтүп алууга мүмкүн болгон келемиштер үчүн бул баа анча деле кымбат эмес экенин айтты.

Ал иштеген окуу жай COVID-19 вирусуна каршы вакцина издеп жаткандыктан, ушул сыяктуу чычкандардын жок дегенде бир түрү керек экенин кошумчалады.