Казакстанда жарыяланган өзгөчө кырдаал күчүнө кирди. Чектөөлөрдүн тизмеси

Коомдук жайларда таптипти сактоого өзгөчө көңүл бурула баштайт. Соода борборлору, кинотеатр, театр, көргөзмөлөр сыяктуу эл көп чогулган жайлар ишин токтотту. Болгону азык-түлүк дүкөндөрү жана базарлардын айрым жерлери иштей берет.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бүгүн эртең менентен баштап Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди. Ал 2020-жылдын 15-апрелине чейин созуларын Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун коронавирусту пандемия деп жарыялашынан улам казакстандыктардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч келбесин деген максатта өзгөчө кырдаал жарыяланды", — деп жазылат макалада.

Казакстанда 12 жашар кыздан коронавирус аныкталды
Ошентип бүгүнтөн тарта коомдук жайларда тартипти сактоого өзгөчө көңүл бурула баштайт. Соода борборлору, кинотеатр, театр, көргөзмөлөр сыяктуу эл көп чогулган жайлар ишин токтотту. Болгону азык-түлүк дүкөндөрү жана базарлардын айрым жерлери адаттагыдай иштей берет.

Мындан тышкары, өзгөчө шаан-шөкөт менен өтчү спорттук иш-чаралар, тойлор, салтанаттар толугу менен токтотулду.

Эске салсак, 13-март күнү медиктер коронавирус жуктуруп алган алгачкы учурду аныкташкан. Учурда коңшу өлкөдө вирус жуктургандардын саны тогузга жетти, алардын арасында 12 жаштагы кыз бар.