Казакстандагы өзгөчө кырдаал: Касым-Жомарт Токаев элине кайрылуу жасады

Эске салсак, бүгүндөн тарта Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди. Учурда бул өлкөдө вирус жуктурган тогуз адам бар.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Коронавирустан улам киргизилген бир топ чектөөлөргө байланыштуу элден чыдамкайлык менен ынтымакты күтөм. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик телеканалдар аркылуу элине жасаган кайрылуусунда айтты.

Эске салсак, бүгүндөн тарта Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал режими күчүнө кирди. Учурда бул өлкөдө вирус жуктурган тогуз адам бар.

Токаев азыркы режим жүк ташууларга тоскоолдук болбой турганын белгиледи.

"Өлкө боюнча автобекеттерде, аэропорттордо жана чек араларда көзөмөл күчөтүлдү. Бирок бул нерсе жүк ташууга эч кандай терс таасирин тийгизбейт", — деди Токаев.

Ошондой эле ал зарыл болгон учурда өзгөчө кырдаал режими узартылышы мүмкүн экенин айтты.