Улуттук китепканада Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылынын алкагында 40ка чукул иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Жылдыз Бакашева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын электрондук базасынан Казакстан, Өзбекстандан да такай колдонгон окурмандар бар.
"Китепкана ачылгандан бери эч кандай тыныгуусуз иш жүргүзүп келе жатат. Анткени бизде дем алыш, түшкү тыныгуу деген жок. Эл аралык байланыштарыбызды бекемдөө үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүүдө. Алсак, ар кандай эл аралык уюмдар менен иштешип, 30га чукул долбоорлорду ишке ашырдык. КМШ, түрк тилдүү мамлекеттердин китепканалар ассоциациялары, дүйнөлүк санарип китепканасы, жалпы алганда 40 мамлекет менен кызматташабыз. Мына быйыл Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын ачылышына катышып келдим. Аталган жылдын алкагында китепканалар ортосунда 40ка чукул иш-чара өтөт. 17-мартта Алыкул Осмоновдун туулган кунүнүн 105 жылдыгына карата "Кыргызстан жана Хабаровск аймагы" деген видео-көпүрө болот. Анда Алыкул Осмоновдун ырлары эки улуттун өкүлдөрү тарабынан окулат", — деди Бакашева.
Ошондой эле ал Кыргызстан — Россия эриш-аркак жылынын алкагында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар пландалганын кошумчалады.