Бишкекте автоунаа уурдады деп казакстандыктар кармалды. Кылмыштын жаңы ыкмасы

Милициядан сигнализация системасын жаңы технологияларды колдонуп жарактан чыгарышкан дешти. Коңшу өлкөнүн жарандары төрт автоунаа уурдады деп шектелүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты.

Автокөлүгүн уурдаткандардан арыз былтыр жана быйылкы жылдын башында түшкөн.

Биринчи уурулук Бишкектин 7-кичи районунда эртең менен болуп Lexus уурдалса, экинчисинде Toyota Camry 4-кичи райондон жоголгон. Үчүнчү темир тулпар Көк-Жар кичи районунун аймагынан "айдалып кетсе", дагы бир Camry Малдыбаев көчөсүнөн "жок болгон".

Бишкекте акчасын төлөбөй таксисттин унаасын айдай качты делген кыз кармалды
Бардык фактылар милицияга катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулар автоунааны айдап кетүүдө жаңы электрондук технологияны пайдаланганы аныкталган. Алар бир нече ыкманы пайдаланып, сигнализация коюлган автоунаалардын эшигин оңой эле ачып, айдап кетип турушкан.

Бул иштерге шектелип, казакстандык эки жаран кармалган. Алардын биринин 28, экинчисинин 29 жашта экени айтылды. Алар учурда убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилген.

Милиция азырынча бир гана Toyota Camry автоунаасын (россиялык номер тагылган) табууга мүмкүн болгондугун билдирди. Салондон казакстандык номерлер жана "автоуурулукка тиешелүү болгон бир нече далил буюмдар" чыккан.