Табышып койгула! Бишкекте 39 жаштагы киши жоголду. Сүрөт

Милиция жаран жоголгон күнү кандай кийинип жүргөнүн жана өзгөчө белгилерин сүрөттөп берди. Ошондой эле көргөн-билгендер болсо каякка кайрылаары тууралуу маалымат таратты.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте дайынсыз жоголгон 39 жаштагы Сулайманкул Халбеков изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Милицияга 5-январь күнү энеси кайрылган. Ал 2019-жылдын 31-декабрында саат 22:00дө уулу Чехов көчөсүндөгү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.

Табышып койгула! Бишкекте 39 жаштагы киши жоголду. Сүрөт

Башына "кыргыз" деген жазуусу бар кара түстөгү кепка, үстүнө кара күрмө кийип жүргөн. Бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим, көк түстөгү жинсы шымчан болгон. Бою болжол менен 170 сантиметр, кой көз, чачы кыска жана кара түстө.

Өзгөчө белгилери: оң колунда күйүктөн калган тырыгы бар.

Бул адамды көргөн-билгендер болсо 0 (552) 10-23-07, 0 (703) 10-22-61, 0 (312) 56-60-43 жана 102 номерлерине кабарлап койсо болот.