Күндүн көзү бузулабы? Бир жумага карата аба ырайы

Айрым аймактарда күн сууктап, кар жаашы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Бишкекте үч күн жаан жаашы божомолдонууда.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги ушул аптага карата аба ырайынын божомолун айтты.

Билдирүүгө ылайык, 16-17-мартта өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

18-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
18-мартта күндүз, 19-мартта түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл, Нарында күн ачык болот деп божомолдонууда.

19-мартта күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

20-мартта түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын болбойт.

Бишкек шаарында 18-марттан 20-мартка чейин жаан жаашы мүмкүн. Калган күндөрү абанын температурасы жогору болору айтылды.