Абылгазиев доллардын курсу кандай болорун айтты

Өткөн жумада нефть баасынын түшүп кеткенинен улам валюта рыногунда өзгөрүүлөр болгон. Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция жасаган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу 73 сомдон ашпайт. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, мунайзат баасынын түшүшү Казакстан менен Россиянын, анын ичинде Өзбекстандын валютасына да таасир бергенин белгиледи.

"Дүйнөлүк кырдаалга жараша Улуттук банк менен биргеликте талдап көрүп, сомдун курсун түшүрүү чечимин кабыл алдык. Азыр бир сомдун долларга болгон баасы 73 болуп турат. Биз ушул чектен ашырбай кармайбыз", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле рублдин курсу 10 пайызга, теңгенин курсу 4,2 пайызга арзандаганын кошумчалады.