Өзбекстан башка мамлекеттер менен чек арасын жаап, авиакаттамдарды токтотот

Бүгүн, 15-мартта, Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус катталгандан кийин бийлик аны жайылтпоо үчүн чараларды көрүүдө. Дүйшөмбүдөн тарта бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабыла тургандыгы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Өзбекстан 16-марттан тарта башка мамлекеттер менен авто жана авиакаттамдарын токтотот. Ал эми темир жол рейстерине кайтып келүүгө үч күн убакыт берилерин Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Мындай чечимди коронавирустун алдын алуу боюнча өкмөттүн алдында түзүлгөн ыкчам штаб кабыл алган.

Казакстанда өзгөчө кырдаалдан улам кирип-чыгууга чектөө киргизилет. Тизме
Ага ылайык, Өзбекстан чет мамлекеттеги жарандарын атайын жана чартердик рейс менен алып келет.

Бүгүн, 15-мартта, Өзбекстанда биринчи жолу коронавирус катталгандан кийин бийлик аны жайылтпоо үчүн чараларды көрүүдө. Дүйшөмбүдөн тарта бардык окуу жайлар, мектептер жана бала бакчалар жабыла тургандыгы белгилүү болду.

Буга чейин Өзбекстан коронавируска байланыштуу Франция, Испания, Улуу Британия, Иран, Япония, Афганистан, Италия менен авиакаттамдарын токтотуп, Түштүк Кореяга рейстерди чектеген.