Ундун баасы жөнгө салынды! Мэрия өкүлдөрү ун саткан жайларды кыдырды

Түлөбаев эл көп колдонгон азык-түлүккө баа дароо кымбаттап кетсе, ага ошол базардын администрациясы жооп берерин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ундун баасын жөнгө салып жатабыз. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Белгилей кетсек, 13-март күнү кечтен тарта Бишкектин айрым дүкөндөрүндө, базарларда кезек күткөндөр көбөйүп, соцтармакта унду талап алып кетип жаткандардын видеолору тараган. Айрымдар ундун бир кабы 2000 сомго чейин сатылып жатканын айткан. 

Ундун баасы жөнгө салынды! Мэрия өкүлдөрү ун саткан жайларды кыдырды

Түлөбаевдин айтымында, бүгүн, 15-мартта, мэриянын кызматкерлери Ленин райондук администрациясы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен ун саткан бир катар базар, кампаларды кыдырып чыгышкан.

"Бишкек шаарындагы "Ош", "Азиз" базарларын кыдырып, ун саткан жайлардын сатуучулары менен сүйлөштүк. Мындан сырткары, ун чыгарган комбинаттардын өкүлдөрү менен да жолуктук. Мисалы, "Акун" дүкөнүндө 1-сорт ун 50 сомго кымбаттаптыр, бааны көтөрүп жиберишпегенин айтты. Ал эми ошол эле дүкөндүн маңдайындагы кампалар бүгүн жабык. Кечээ ундун баасын 300-400 сомго дал ошолор жогору кылып жиберишкен экен. Карасак, кампасында ун толтура. Аларды чакырып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Өз баасында сатабыз деп кол алыштык. Эл ызы-чуу түшпөсүн деп кире беришине милиция койдурттук ", — деди Түлөбаев.

Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
Ал эл көп колдонгон азык-түлүккө баа дароо кымбаттап кетсе, ага ошол базардын администрациясы жооп берерин кошумчалады.

"Буга катуу жаза колдонобуз, керек болсо ал базарды жаап салабыз. Азыркы тапта паникага алдыруунун кажети жок. Себеби кампаларда ун жетиштүү. Ун чыгарган комбинаттар иштеп жатат, чек ара жабылган жок", — деди аппарат жетекчиси.

Азыркы тапта базарларда 1-сорттогу 50 килограммдык бир мүшөк ундун баасы болжол менен 1400 сомдун айланасында сатылып жатканы айтылды.