Казакстанда 12 жашар кыздан коронавирус аныкталды

Кыздын Германиядан келгени белгилүү болду. Бул коңшу өлкөдө кооптуу вирус аныкталган тогузунчу учур.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда 12 жашар кыздан коронавирус аныкталып, бул баланын ооруган биринчи учуру болуп калды. Маалыматты өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Диас Ахметшарипке таянуу менен Sputnik Казакстан агенттиги таратууда. 

Казакстанда той өткөрүүгө тыюу салынды
Кыздын Германиядан келгени айтылды. Бул Казакстанда кооптуу вирус аныкталган тогузунчу учур.

Эскерте кетсек, COVID 19 вирусун жуктуруп алган алгачкы үч киши 13-мартта аныкталган. Бейтаптардын баары чет жактан келгендер.

Вирустун жайылышын алдын алуу максатында президент Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 15-мартта, өзгөчө кырдаал жарыялады. Ал бир айга созулат.