Колдонулган бет каптар кайда ташталат. Гонконгдо тартылган видео

Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Анын капшабына Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Коронавирус учурунда колдонулган медициналык бет каптардын кайда ташталары тууралуу BBC жазды.

Гонконгдогу абалды маалымдаган видео аталган ресурстун сайтына жарыяланган.

Роликтен алардын бир тобу океанга ыргытылып, калкып жүргөнүн көрүүгө болот. Ал эми пляждарда кадам сайын кездешкен.

Казакстанда алтынчы киши коронавирус жуктурганы аныкталды
Эколог Гари Стоукс бир күндө жээктен ыргытылган 60-70 бет кап жыйнагандыгын айтып берген.

Буга чейин англиялык дарыгер Женни Гаррис маска вирусту "кармап" алгандыктан адам дем алганда зыяндуу бактериялар организмге кирип кетиши мүмкүн экенин айткан эле.

Кытайдан тараган коронавирус учурда бүт дүйнөнү кооптондуруп, пандемияга айланган чагы. Анын капшабына Италия баш болгон европа өлкөлөрү көбүрөөк кабылды. Ал эми Казакстанда бир нече күндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны алты адамга жетти. Кыргызстан бийлиги болсо учурда вирус жуктуруп алган учур каттала электигин билдирди.