Аймакта ишкерлик кылгың келеби? Экономика министрлиги сынак жарыялайт

Сынак ПРООНдун "КМШ регионунда туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо" долбоорунун негизинде ишке ашат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Экономика министрлиги аймактардан иш баштап же бар ишин кеңейтүүнү каалаган жарандар арасында бизнес-пландар боюнча сынак жарыялайт. Бул тууралуу ведомствонун сайтында жарыяланды.

Сынак ПРООНдун "КМШ регионунда туруктуу өнүктүрүүнү каржылоо үчүн потенциалды чыңдоо" долбоорунун негизинде ишке ашат.

Коронавирус: туризм тармагындагы ишкерлер Салык кызматына каникул сурап кайрылат
Маалыматта айтылгандай, буга чейин Баткен жана Жалал-Абад облустарынан бизнес-пландар келип түшүп, министрлик бир катарын жактырган. Алар бышкан кирпичти өндүрүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, компот үчүн концентрат жана компоттун өзүн өндүрүү, грек жаңгагын сорттоо жана чет өлкөлөргө экспорттоо боюнча долбоорлорду сунуштаган.

Сынакка катышууну каалаган ишкерлер анын шарты менен Экономика министрлигинин сайтынан таанышып, долбоордун өзүн fpp.invest@gmail.com электрондук дарегине жөнөтсө болот.