БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Чүйдүн Ивановка айылына коронавирус менен ооругандарды алып келип жатышат деген жалган маалыматты 27 жаштагы стоматолог таратканы белгилүү болду. Бул туурасында Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, акыркы күндөрү WhatsApp мессенджери аркылуу Ысык-Ата районунун Ивановка айылына коронавирус менен ооруган адамдарды алып келип жатышат деген аудио билдирүү тараган.
Аталган факт Ысык-Ата районунун ички иштер органдары тарабынан Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө жалган маалыматты аймактык ооруканалардын биринде тиш доктур болуп иштеген 27 жаштагы аял таратканы белгилүү болгон. Ал күнөөсүн моюндап, аудиону алгач эжесине жибергенин, тууганы болсо башка кишилерге жөнөтүп салганын айтып берген.
Бул окуяга байланыштуу Чүй ОИИББ жарандарды жалган маалымат таратпаганга чакырат. Ошондой эле фейк кабарлар болсо 102 номерине байланышууну өтүнөт.