БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Бразилиянын курама командасы менен "Барселона" клубунун мурдагы оюнчусу Роналдиньо Парагвайдагы абакта футбол ойноду. Бул тууралуу Sport.es. порталы жазды.
Буга чейин 39 жаштагы бразилиялык спортчу тууганы менен Парагвайга жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылып, кармалып калган. Экөө тең тергөө аяктаганча абакта болот.
Роналдиньонун командасы 11:2 эсебинде жеңишке жетти. Спортчу өзү беш гол киргизген.
Жеңүүчүлөргө баш байге катары 16 килограммдык торопой берилди.